Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Кыргызстанда Өнүктүрүү фонду түзүлөт


Кыргызстанда 1 млрд. долларлык каражаты бар Өнүктүрүү фонду түзүлөт. Аны түзүү келишимине 29-майда Астанада Кыргызстан менен Орусия кол койгонун экономика министри Темир Сариев билдирди.

Фонд Кыргызстанда өндүрүш долбоорлорун, ишкерлерди насыя менен камсыздоого багытталат. Мындан сырткары Бажы биримдигинин стандарттарына Кыргызстанды шайкеш келтирүү үчүн 200 млн. доллар грант бөлүнөт. Темир Сариевдин айтымында, Өнүктүрүү фондуна бөлүнө турган 1 млрд. доллар жеңилдетилген мүнөздөгү насыя. 29-майда Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча "жол картасы" кабыл алынды. (AiT)

XS
SM
MD
LG