Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

КМШ өкмөт башчылары Минскте жолугат


Бүгүн Минск шаарында КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлери жолугуп, өз ара кызматташтыкка байланыштуу маселелерди талкуулайт. Жыйынга катышуу үчүн Минскке өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жөнөп кетти. Жолугушууда экономикалык, гуманитардык, маданий жана медициналык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 23 маселе каралат. Андан сырткары, Кыргызстандын Бажы бирлигине кирүү боюнча “жол картасы” да негизги талкууланчу темалардын бири.

Ошондой эле улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү жаатында да пикир алмашуу болот.

Кыргыз өкмөтүнүн баянында 2015-2017-жылдары тогуз-коргоол, кулатуу, алыш жана салбуурун сыяктуу спорт түрлөрүнөн эл аралык чемпионаттарды өткөрүү пландары бар. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG