Ош: эстакада көпүрөнүн курулушу башталды
Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү куруунун биринчи этабы башталды. Жерди даярдоо, коммуникация, түтүктөрдү алмаштыруу ишин тендерден кыргызстандык «Сафари» жоопкерчилиги чектелген компаниясы утуп алган. Экинчи, үчүнчү этаптарына дагы башка тендер өтөт. Долбоор жалпы 450 млн. сомго бааланган. Калаа бийликтери сунуштаган бул долбоор мурдагы долбоордон 150 миллионго арзан. Көпүрөнү 1 жылда бүткөрүү пландалган.
Чыгарылыштар
-
Апрель 09, 2024
Сокулуктагы кылмыш: 13 жаштагы кызга кысым күчөдү
-
Апрель 08, 2024
Бишкектин жолдору качан оңдолот?
-
Апрель 06, 2024
"Апрель окуясы бардык бийликке сабак". Таластагы эскерүү
-
Апрель 02, 2024
Ош: Жүк ташыган айдоочулар нааразылыкка чыкты