Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Караколдо кан оорусуна чалдыккан кыздын көргөзмөсү өтүп жатат


Маргарита жасаган оюнчуктар
Маргарита жасаган оюнчуктар
Каракол шаарында 10 жаштагы Маргарита Беккердин пластилинден жасалган оюнчуктарынын көргөзмөсү уюштурулду.

Касымалы Жантөшов атындагы драма театрынын имаратында өтүп жаткан көргөзмөдө негизинен Маргарита жасаган мультфильм каармандары коюлган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Көргөзмө 1-июнга чейин уланат.

Маргарита Беккер Каракол шаарында жашайт. Ак кан оорусу менен жабыркап келет. Иш-чара ага моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү максатында жакындары тарабынан уюштурулган.

Облустук бийлик кызга 10 миң сом жардам берди. (MK\SE)

XS
SM
MD
LG