Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Жон Керри: Украинада машыгуудан өткөн орусиялыктар бар


Даярдыктан өткөн чеченстандыктар, Орусияда машыккан адамдар Украинага кирип, урушка катышып жатканын ырастаган далилдер бар. Бул жөнүндө АКШ Мамкатчысы Жон Керри PBS TV каналына 29-майда түндө берген интервьюда айтты. Ал Украинанын чек арасына топтолгон орусиялык аскерлер артка кете баштаганын белгиледи.

Ак Үй Украинадагы орусиячыл жикчилер “сырт жактан алынган” алдыңкы куралдарды колдонуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

29-майда Донецк облусунун Славянск шаарынын четинде украин армиясынын тик учагы атып түшүрүлгөндө 14 аскер, анын ичинде бир генерал курман болгон. Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александар Турчинов парламентте билдиришинче, жикчилер тик учакты чакан зениттик ракета менен атып түшүргөн.

ЕККУнун апта башында Славянскиде кармалган төрт байкоочусун жикчилер дале коё бере элек.

XS
SM
MD
LG