Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Орус-украин газ чатагы Берлинде каралат


Европа Биримдиги, Орусия жана Украинанын өкүлдөрү 30-майда Берлинде кездешип, Москва - Киев арасындагы газ талашын чечкенге аракет кылат. Евробиримдиктин атынан жыйынга уюмдун энергетика боюнча комиссары Гюнтер Эттингер катышат. Өкмөттүк "Газпром" компаниясы 7-июнга Украинанын газ карызы 5,2 млрд долларга чыгат деп, 2-июнга мурдагы бересесин төлөөнү шарт койгон.

28-майда Орусиянын энергетика министри Алексей Новак Украинадан 30-майга 2 млрд долларды төлөөнү, болбосо 3-июнга газ буулат деп эскерткен.

Евробиримдик Москва Украинага газ берүүнү токтотсо Биримдиктин кээ бир өлкөлөрүнө газ аз келе баштайт же Украина аркылуу газдын келүүсү биротоло токтойт деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG