Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Орусияда мыйзам бузган кыргызстандыктар азайды


Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен Бишкекте жолукканда билдирди. Анын айтымында, быйыл кыргыз жарандарына байланышкан кылмыштар өткөн жылдарга салыштырмалуу 28 пайыз азайды. Тараптар муну мамлекет аралык кызматташуунун натыйжасы деп баалайт.

Эки тарап миграция тармагындагы кызматташтык жана Евразия мейкиндигинин интеграциялык жараянындагы Кыргызстандын орду жөнүндө маектешти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG