Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Хэйгел Кытайды айыптады


АКШнын коргонуу катчысы Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги аймактык мүдөөлөрү аймакты туруксуздаштырып, эл аралык тартипке коркунуч келтирип жаткандыгын билдирди.

Бүгүн Сингапурдагы эл аралык коопсуздук конференциясында сүйлөгөн Чак Хэйгел Кытайды деңиздеги кемелердин кыймылын чектөөчү «бир тараптуу, коркутуучу» чараларды көрүп, эл аралык эрежелерди көзгө илбей жатат деп айыптады.

Хэйгел Кытайды кибернетикалык тыңчылык үчүн да күнөөлөдү. Жарым ай мурда АКШ кытайлык беш офицерге америкалык компаниялардын компьютерлерине кирип, соода жаатындагы жашыруун сырларды уурдаган деген айып койгон эле.

XS
SM
MD
LG