Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Медведев: Украина КМШдан чыкса, өзүнө зыян


Медведев Украинанын КМШдан чыгышы бул өлкө үчүн кесепеттүү болорун эскертти. Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Украина КМШдан чыкса өз эрки экенин, бирок муну менен ал КМШ эркин соода аймагынын артыкчылыктарынан кур каларын эскертти. Медведев Минскте кечээ КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында сүйлөдү. Киевде 14-мартта депутаттар Орусия Крымды бөлүп кеткенден кийин Украинанын КМШдан чыгышын талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Минсктеги жыйынга Украинанын Беларустагы элчиси гана катышты. Минскте Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кавказ жумурияттарынын өкмөт башчылары же вице-премьерлери болду.

XS
SM
MD
LG