Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Аваздык-аспаптык музыкалык топ кайрадан жанданды


Кайра жаралган "Гүлдесте" аваздык-аспаптык тобунун Нарын шаарындагы концерти. 31-май. 2014
Кайра жаралган "Гүлдесте" аваздык-аспаптык тобунун Нарын шаарындагы концерти. 31-май. 2014
1970-жылдары атагы чыккан "Гүлдесте" ансамбли кайра сахнага чыга баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ансамблдин жетекчиси Азат Элебесов бүгүн билдирди. Ал акыркы жылдарда элдин талабы жандуу үн менен аткарылган концерттерге бурулуусу 80-жылдары жоюлуп кеткен топтун кайра жаралуусуна түрткү болду дейт.

Ушул күндөрү кайрадан түзүлүп чыккан аваздык-аспаптык музыкалык топ Нарын шаарында алгачкы "кайра жаралуу" концерттик программасын тартуулоодо.

"Гүлдесте" ААТ (ВИА) Нарын шаарынын маданият үйүндө 1971-жылы түзүлгөн. Топ учурунда жаштардын республикалык, союздук чыгармачыл кароо-сынактардын, фестивалдардын жеңүүчүлөрү болгон. (SA/АТе)

XS
SM
MD
LG