Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Бишкекте теннис боюнча эл аралык турнир өтүүдө


"Балдар – биздин келечегибиз" аттуу жаш-жеткинчектер арасында чоң теннис боюнча эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Олимпиадалык даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков билдирди.

Эл аралык турнирге АКШ, Орусия, Казакстан, Түркия, Иран, Тажикстан жана Кыргызстандан жүз элүүдөй жаш спортчу катышууда.

Кыздар арасында финалга орусиялык Дарья Макиенко менен кыргызстандык Мырзайым Шерикулова чыкты. 15-16 жашка чейинки уландардан баш байге үчүн бишкектик Руслан Андреев менен Камил Мураков беттешүүдө.

17 жаштагы уландардан жарым финалга кыргызстандык Кирилл Кистанов менен америкалык Денил Падюков чыкты. Экинчи жарым финалда Бишкектеги теннис академиясынын өкүлү Адил Маматов менен америкалык Николас Падюков беттешүүдө.

- Бул турнир жетинчи жолу өтүп жатат. Кыргызстан дагы теннис боюнча эл аралык турнирлерди өткөрүүгө деңгээли жетип калды. Бирок бизди дүйнөлүк стандарттарга туура келген спорт комплекси же теннис борборлору жок,- дейт мелдештин уюштуруучусу Пьер Падюков.

Турнирдин расмий жабылуу салтанаты 1-июнь күнү саат төрттө Бишкектеги Сатымкул Жуманазаров атындагы олимпиадалык резерв мектебинде өтөт. (КМа)

XS
SM
MD
LG