Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:05

Орусияда аткаминерлер бараткан тик учак кыйрады


Орусиянын Мурманск облусунда мамлекеттик жогорку кызматта иштеген кишилер бараткан Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак кулап түштү.

Тик учакта облус губернаторунун орун басары Сергей Скоморохов, Экология жана жаратылыш ресурстары боюнча аймактык министр Алексей Смирнов, ”Апатит” ишканасынын башкы директору Алексей Григорьев жана башка мамлекеттик кызматкерлер болгон.

Кырсык 31-майда болгон. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабар 1-июнь күнү эртең менен жеткен.

Маалыматка ылайык, борттогу 19 адамдын бешөө экипаждын мүчөсү, 14ү жүргүнчүлөр. ИТАР-ТАСС облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянып кабарлагандай, кырсыктан 2 адам куткарылып, ооруканага жеткирилди. Калгандарынын абалы азырынча белгисиз.

Издөө иштерин куткаруу кызматынын 96 өкүлү жүргүзүп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG