Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Украина Москваны Порошенкону таанууга чакырды


Тышкы иштер министринин кызматын аткарып жаткан Андрий Дещица 25-майда шайланган Петро Прошенкону Орусия таанышына убакыт келгенин билдирди. Шайлоонун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин украин шайлоочуларынын мүдөөсүн сыйлоого сөз бергенин эске салган Дешица "анын ордуна Порошенконун жеңишин тааныттырбаш үчүн Москва эл аралык ири өнөктүк баштады», - деп айтты.

Батышчыл Порошенко жеңгенден бери Украинанын чыгышында орусчиячыл жикчилердин чыгуулары күч алды. Бирок өкмөт Донецкинин аба бекетине эки кол салуунун мизи майтарылгандан кийин, кечээ аймакта абал тынч болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG