Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 03:01

Сибирдеги селден он миңдеген киши көчүрүлдү


Орусиядан келген кабарларга караганда, бир нече киши набыт болду, 250дөй үй суу астында калды, алты көпүрөнү суу алып кетти. Тоолуу алтай аймагы өзгөчө жапа тартууда. Алтай крайында, Алтай жумуриятында, Хакасияда чукул абал киргизилди. Орусиянын улуттук чукул жардам борбору бүгүн куткаруучулар Сибирде турак жайлардан 10 миңден ашык кишини эвакуациялаганын маалымдады. Бир жарым миңдей киши, анын ичинде 500дөн ашык бала чатыр лагерлерине жайгаштырылды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG