Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Алайда жол буугандарга Бекназаров барып жолукту


Депутат Акматбек Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылып, Алайда Ош-Эркеч-Там жолун бууп тургандарга саясатчы Азимбек Бекназаров жекшемби күнү барып, тилектештигин билдирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” акция катышуучуларынын бири Керим Сарыбашев кабарлады.

Анын айтымында, 27-майдан бери жол тосуп тургандарда эч кандай саясий максат жок, Келдибеков үй камагына чыгарылса эле тынч тарап кетишет:

- Биз Келдибековду абактан бошотуу максаты менен гана турабыз. Оппозиция өкүлдөрү же башка саясатчылар курал болгубуз да келбейт. Келдибековду бошотушса болду, тарайбыз.

Ушул тапта Ош-Эркеч-Там жолу шагыл менен буулган. Акцияга чыккандар он боз үй тиккен. Анын жетөө жолдун ортосуна, үчөө четине орнотулган. Жолдон оорулуулардан башка эч кимди өткөрүлбөй жатат. Эки жакта жетимиштен ашуун жүк машинеси, ондогон жеңил унаа топтолуп турат. Абал көзөмөлдө экенин “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Акция катышуучулары Акматбек Келдибеков үй камагына чыгарылбаса, бийлик өкүлдөрүнө каршы катаал аракеттерди жасашарын өткөн жумада эскертишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG