Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Казакстанда кармалган мунай маселеси чечилбей жатат


Казакстандын “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турган 448 вагон күйүүчү май маселеси чечилбей жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, буга чейин аталган ассоциация өкмөткө кайрылган. Бул маселе экономика министри Темир Сариевдин өткөн айдагы Астанага сапарында көтөрүлүп, тиешелүү жетекчилер менен жолугушууларды өткөргөн. Бирок маселе чечилбей жатат. Мындан улам ассоциация мүчөлөрү бул маселеге көңүл бурууга чакырууда.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 448 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстандын бажысы 26 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйө менен кармоодо.

Казакстанда кармалып турган май үч тараптуу келишим түзгөн ортомчу компанияларга таандык. Ал эми Кыргызстан - Орусия ортосунда эки тараптуу келишимдин негизиндеги ташуулар үзгүлтүксүз жүрүп жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG