Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Бишкекте АКШ жараны 4 жылга кесилди


"Манас" Транзиттик борбору, 18-октябрь, 2013
"Манас" Транзиттик борбору, 18-октябрь, 2013
Бишкектин Свердлов райондук соту бейбаштыккка шектелген АКШ жаранын 4 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кескенин “Азаттыкка” аталган соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунун кызматкери, 29 жаштагы Мекрей Брендон Корнелиус (Mccrea Branden Cornelius) ушул жылдын 9-мартында Бишкекте 22 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп кармалган. Кармоо учурунда ал милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү айтылган.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектелген адам Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG