Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:05

Баткендин гиласи экспортко даярдалууда


Гиластин тез бышып, көпкө сакталбай турган сорттору учурда жергиликтүү базарларда сатылууда. Баасы Баткендин өзүндө килограммы 50-100 сомдун, Бишкектин базарларында 150-200 сомдун тегерегинде. Экспортко ылайыкташкан мыкты сорттору болсо эми бышып жатат. Мындай сорттогу гиластар жеке ишкерлер аркылуу негизинен Казакстан менен Орусияга чыгарылат. Былтыр ишкерлер жеринен килограммын 200 сомдон алып кетишкен. Багбандар быйыл да баа ушул сумманын айланасында болоорун айтууда.

Облустук акимчиликтин экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнөн быйыл гиластан 2 млрд. сомдой киреше түшөөрү болжолдонуп жатканын “Азаттыкка" билдиришти. Облус аймагында 1500 гектар гилас багы бар. Быйыл андан он миң тоннадай түшүм алынаары күтүлүүдө. (JsA/SM)

XS
SM
MD
LG