Орусиянын негизги энергетикалык компаниясы “Газпром” Украинадан 786 млн.доллар түшкөндөн кийин алдын-ала төлөм киргизүүнү 9-июнга калтырды. Буга чейин ал эреже 3-июнда киргизилет деп жатышкан. Москва азыр Киев көгүлтүр от үчүн 5,2 млрд.доллар карыз деп келатат.
Газ боюнча Украина, Евробиримдик жана Орусия ортосундагы сүйлөшүүлөр бүгүн улантылмакчы. Украин премьер-министри Арсений Яценюк непада ушул сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар жаңы келишимге жетише албаса, анда Украина Стокгольмдогу арбитраждык сотко кайрылаарын билдирди.