Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Алай: чарчаган ымыркайдын жакындары дарыгерлерге доомат артпайт


Бүгүн ИИМден Алай районунда тумоологон үч айлык ымыркайдын чарчап калышына аны ооруканага алып бара жаткандар жол тосулган жерде кармалып калышы да себеп болушу ыктымалдыгын билдирген. Бирок каза болгон наристенин таенеси Шаани Топчубаева небересинин өлүмүнө жол буугандар эмес, Алай райондук ооруканасынын дарыгерлеринин шалаакылыгы себеп болушу мүмкүндүгүн айткан. Райондук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Алыкулова болсо 28-майда түнкү саат 12:30да келип түшкөн наристенин абалы оор болгонун, эки өпкөсүнө теӊ суук тийгени аныкталганын "Азаттыкка" билдирди. Наристе дароо реанимацияга жаткырылган. Бирок 29-майдын таңында чарчап калган. Өлүмдүн себебин аныктоого каршы болгон таятасы Сооронбай Арзыбаев дарыгерлерге дооматы жок экенин айтып, наристенин сөөгүн ачтырбай алып кеткен.

Ал эми Ош - Эркеч-Там жолун тосуп турган Келдибековдун тарапкерлери оорулуу наристе айылдык дарыгердин коштоосунда келгенин, жолдон тоскоолдуксуз өткөрүлгөнүн жана милиция аларды атайлап жаманатты кылып жатканын билдиришти.

Камактагы депутат Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен 27-майдан бери Ош-Эркеч-Там жолун бууп турушат. (YI/SM)

XS
SM
MD
LG