Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

ЖК комитети Британияга аба мейкиндигин колдонууга уруксат берди


Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Улуу Британия Ооганстандагы куралдуу күчтөрүн Кыргызста аркылуу чыгаруусу боюнча келишимди жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Келишимде британ тарапка Ооганстандагы аскерий күчтөрү менен жабдууларын Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу алып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү каралган. Келишим эми башка комитеттерде каралган соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Буга чейин Британия өз жабдыктарын Кыргызстандагы кара жол аркылуу алып кетүүнү сунуштаган. Бирок кийинчерээк бул сунуштан баш тарткан.

Ооганстандагы НАТО күчтөрү быйыл жыл аягына чейин чыгарылышы керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG