Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Базар-Коргондо сел жүрдү


Базар-Коргон районунун Кеңеш, Талды-Булак айылдарында бүгүн эртең менен сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кеңеш айылындагы 40 чакты кожолуктун короо-сарайларына суу кирген. Мындан сырткары Талды-Булак айыл аймагындагы 7 үйдү сел каптаган.

Алдын-ала маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян келген эмес. Учурда райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG