Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Талибан оогандарга шайлоонун экинчи айлампасына катышпоону эскертти


Ооганстандагы шайлоо өнөктүгү, 29-май, 2014
Ооганстандагы шайлоо өнөктүгү, 29-май, 2014
Ооганстанда талиптер элге алдыдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышпоону эскертти. 14-июнда өтө турган шайлоонун экинчи айлампасында өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен мурдагы каржы министри Ашраф Гани беттешет. Бүгүнкү билдирүүсүндө Талибан “жасалма шайлоодо иштей турган кызматкерлерге жана шайлооканаларга каршы көрүлө турган аракеттерге даяр экенин” айтты.

Талиптер 5-апрелде өткөн шайлоонун биринчи айлампасында да коркутууларды жасаган, бирок шайлоо күнү чоң деле чабуул болгон эмес. Жаңы шайланчу президент үчүн коопсуздук оор маселелерден болушу мүмкүн экени айтылууда. Анткени быйыл өлкөдөн чет өлкөлүк аскерлер чыгарылышы керек.

XS
SM
MD
LG