Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

“Кыргызфильмдин” мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду


“Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын мурдагы башкы директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады. Бирок экс-жетекчинин аты-жөнү ачык айтылган жок.

Ага мамлекеттик бюджеттин 300 миң сом акчасына тартылган “Жымжырт” тасмасына тиешелүү каражатты “өздөштүрүп алган” деп күнөө коюлуп жатат.

Бул факт боюнча УКМК тарабынан топтолгон маалыматтардын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Тергөө амалдары жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG