Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Луганск облусунда аскерий операциялар күчөтүлөт


Украин бийлиги Луганск облусун жикчилерден тазалоо максатындагы атайын операцияларды күчөтөт. Бул үчүн авиация жана бронетехникалар колдонулмакчы. Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилерге каршы аскерий аракеттер бир канча күндөн бери уланат.

Дүйшөмбүдө Луганск облустук администрациясынын имаратында жарылуу болуп, 7 адам мерт кетти. Жикчилер ал имаратка украин өкмөтүнүн аскерлери абадан сокку урганын айтышты, бирок армия муну орусиячыл күчтөр жасаганын билдирүүдө.

Ал арада Орусиянын тышкы иштер министри расмий Киевди өлкө чыгышындагы аскерий аракеттерди токтотууга чакырды. Мекеменин расмий сайтындагы билдирүүдө “украин бийлиги карапайым калкка карата кылмыштуу аракеттерди жасоону улантып жатат” деп жазылат.

XS
SM
MD
LG