Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Анкарадагы көчөлөрдүн бирине Айтматовдун ысымы берилди


Түркиянын баш калаасы Анкара шаарындагы Йенимахалле районундагы көчөлөрдүн бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Көчө башына жазуучунун эстелиги да коюлуп, ачылыш салтанаты 4-июнь күнү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтөт. Түркия тараптан өкмөт башчынын жардамчысы Эмруллах Ишлер, Анкара шаарынын мэри Мелих Гөкчектин келет.

Көчөгө Айтматовдун ысымын ыйгаруу демилгесин Евразия жазуучулар бирикмесинин төрагасы Якуп Омероглу сунуштаган. Бул тууралуу аталган бирикмеден кабарлашты.

Алмазбек Атамбаев кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгы боюнча жыйынга катышуу үчүн 2-июнда Түркияга кеткен. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG