Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Беш ай ичинде 312 киши жол кырсыгынан каза болду


Кыргызстанда жыл башынан бери 2687 жол кырсыгы катталып, 312 киши каза болду. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 2412 авария болуп, 371 киши мерт кеткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык Жол кайгуул кызматынын ага инспектору Эдил Балтабаев билдирди.

Дүйшөмбү күнү өкмөттө жол кырсыктарын азайтуу боюнча жыйын өттү. Вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев Жол кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаевге алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Адистердин айтымында, кырсыктардын көбү май-июнь айларында болот. Бул мезгилде жайкы эс алуу мезгили башталып, көп учурда айдоочулар мас абалында унаа башкарышат. Андан сырткары жаздын аягы, жайдын башталышында жаан-чачын көп болуп, айдоочуларга машине айдоодо кыйынчылык жаралат. (SE)

XS
SM
MD
LG