Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:25

Буулган жолдон өтө албай калган ишкерлер чыгымын төлөп берүүнү талап кылууда


Жол тосулган жерде турган жүк ташуучу унаалар. Алай, 2-июнь, 2014

Жол тосулган жерде турган жүк ташуучу унаалар. Алай, 2-июнь, 2014

Эл аралык Ош - Эркеч-Там жолунун тосулган жеринде жүгүн өткөрө албай туруп калган ишкерлер чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылып жатканын "Азаттыкка" бүгүн Ош облустук милициясынан тастыкташты. ОИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, бул боюнча азырга чейин 6 ишкерден арыз түштү. Алар 27-майдан бери жүгүн өткөрө албай, бир топ чыгымга учураганын айтуу менен жолду ачып берүүнү суранышкан. Жана жол тоскондордон келтирилген чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылышкан. Учурда атайын топ жол тосулушунан ишкерлер тарткан чыгымды эсептөөдө.

Ош - Эркеч-Там жолу Кыргызстандын түштүгүн Кытай менен байланыштырган эл аралык маанидеги трасса. Жолдун Алайдын Сопу-Коргон айылынан өткөн бөлүгү 27-майдан бери жабык. Аны камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бууп алышкан. Алар муну менен депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Тосулган жолдун эки тарабында азыр жүздөн ашуун жүк ташуучу машине токтоп турат. (SM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG