Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Украинанын чыгышында катуу салгылаш жүрүүдө


Украина -- Луганскидеги орусиячыл жикчилдер. 2-июнь, 2014
Украина -- Луганскидеги орусиячыл жикчилдер. 2-июнь, 2014
Кабарларга караганда, Словянск жана Краматорск шаарынын сыртында атышуулар уланууда. Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков Словянск шаарынын жанында «өтө катуу» салгылаш болуп жатканын Фейсбук баракчасында жазды. Ал украиналык чопкуттуу машиналар орусиячыл жикчилдер тарабынан граната аткычтар менен аткыланганын билдирди.

Кечээ жикчилдер кармап турган Луганскиде административдик имараттагы жардыруудан аз дегенде эки кишинин каны төгүлгөн эле. Жикчилдер «Өкмөттүк аскерлердин абадан урган соккусу» деп атаган ал окуяда Интерфакс жети киши набыт болгонун билдирген. Киев жикчилдер өздөрү ракетаны тетири атып алгандыгын айтууда. Мындан бир күн мурда украин чек арачылары Луганскинин жанында жикчилдер менен күнү бою атышкан эле. Кабарларга караганда аз дегенде беш жикчил окко учту.

XS
SM
MD
LG