Линктер

жекшемби, 30-апрель, 2017 Бишкек убактысы 00:12
Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен бүгүн “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун жабылуу аземинде билдирди. Анын айтымында, Транзиттик борборду толугу менен чыгарып кетүү үчүн акыркы жумуштар калды. Анын баарын бир апта ичинде бүткөрүп, аскерлерди толугу менен чыгаруу мерчемделүүдө:

- Биз “Манастагы” Транзиттик борборду жабуу боюнча кыргыз өкмөтү кабыл алган чечимди түшүнүү менен кабыл алабыз жана урматтайбыз. Транзиттик борбор жабылганга чейин биздин аскердик багытта бир канча кызматташтыгыбыз калды. Бүгүн Транзиттик борборду расмий жабуу боюнча иш-чара болду. Бир жумадан кийин бардык аскерлер чыгып кетет, - деди элчи Спратлен айым.

“Манас” аба майданында 2001-жылдан бери жайгашып келген АКШнын аскерий базасы бүгүн расмий түрдө жабылды. Ал НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операцияларын жүргүзүүгө көмөктөшчү. Былтыр Кыргызстандын парламенти аталган борбор тууралуу АКШ менен келишимди бир тараптуу денонсациялаган.(ZB/BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG