Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

Мамкаттоо кызматынын иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда аялдардын турак-жай менчигине болгон укугу толук корголбойт. “Аялзат” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы ушул маселе тууралуу болду.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы аялдардын менчикке болгон укугун иликтеп чыкты. Жыйынтыгында аялдардын бул укугу корголбой жатканы аныкталган. Көп кабаттуу үйлөрдөгү 287 миң батирдин 65 пайызы аялдарга катталганы менен алар өлкөдөгү жалпы турак-жайдын 10 гана пайызын түзөт. Ал эми 71 пайызы эркектерге катталган жеке үйлөр жалпы турак-жайдын 28 пайызын түзөт.

Кыргызстандык аялдар үчүн менчикке укук олуттуу көйгөй. Үйлөрдүн көбү кожоюн катары эркекке катталган. Өзгөчө жубайлар ажырашкан учурда аял үй-жайсыз калган, мунун айынан соттошкон учурлар көп эле кездешет.

Анара Ибраимова
күйөөсү менен жашаган тогуз жыл ичинде Бишкектин четиндеги Арча-Бешик жаңы конушунан жер тилкесин алып, төрт бөлмөлүү үй курушкан. "Тиштин кирин соруп, тапкан акчабызды үйгө жумшап, туугандар жардамдашып жүрүп үйлүү болгонбуз” дейт Анара. Ошол кезде күйөөсү таксист, өзү тигүүчү болуп иштечү экен. Бирок азыр тапкан үйүнөн да ажырап калуу коркунучунда турат. 2012-жылы күйөөсү Шүкүр Сманалиев капыстан ооруп каза табат. Ортодо бала жок болгондуктан маркумдун туугандары үйдү баалап тең экиге бөлүп алууну сүйлөшөт. Анара айымдын айтымында, көп өтпөй алар бул чечиминен баш тартып, үйдү талашып, анын чыгып кетүүсүн талап кылып келет.

- Бул маселени чечип бергиле деп Ленин райондук сотуна кайрылдым. Беркилер жумасына бир келип ызы-чуу салып, кыйкырып, басым жасап кетет. Күйөөмдүн кыркы боло электе эле келип "сенин бул жерде эч нерсең жок, чыгып кет, документтерди бер" деп жатышты. Нике документибиз жок болгонуна таянып эле ушинтип жатышат. Болбосо, ал үйдү өз эмгегибиз менен салганбыз.

Анара менен маркум Шүкүр Сманалиев 2003-жылы баш кошкон. Экөө балалуу боло албай жүргөндүктөнбү же документке маани бербегенденби, айтор, нике тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Балалуу болгондо алабыз деген үмүт менен жашап жүрүп ортодон тогуз жыл өткөн.

- Жаман оюм болсо башкача болмок. Жолдошум жакшы адам эле. Балалуу болуп каларбыз деген үмүт менен жашап жүрдүк. Анан жер сатып алып үй сала баштадык. Экөөбүз чогуу жашап, чогуу үй салганыбызды кошуналарыбыз, алардын, менин туугандарым айтып бере алат. Аялы эмес, ойношу болчу деп азыр күйөөмдүн туугандары четке кагып жатат. Келин болуп барганда жанымда отурган кайын сиңдилерим мени тааныбайм деп чыгышты.

Турак-жайдын көбү эркектерге катталган

Турак-жайдын көбү эркектерге катталган


Айласы кеткен Анара “Сезим” кризистик борборуна жардам сурап кайрылат. Эки жылга жакын убактан бери аталган борбор Анаранын таламын талашып келет. Борбордун юристи, адвокат Ракия Рахматованын белгилешинче, үй-бүлө ортосунда үй-мүлк талаш же аялдардын менчикке болгон укугу бузулган учурлар көбүнесе ажырашуу маалында көтөрүлөт. Өзгөчө нике күбөлүгү жоктор мындай проблемаларга көбүрөөк туш болот.

- Үй-бүлө кодекси боюнча мындай шартта мүлк экиге бөлүнүп, балдар кимде калса, алардын да үлүшү эсептелинип чыгышы керек. Азыр Кыргызстанда көпчүлүк аялдар нике кыйдырып, бирок расмий күбөлүк албай жүрөт. Ажырашуу учурунда мүлк бөлүштүргөндө аялдардын укугу тебелинип калат.

Кризистик борборго келген аялдардын 25 пайыздан ашууну мүлккө байланыштуу кайрылат. Юристтин айтымында, укугу бузулган кыз-келиндер арасында жаңы эле баш кошкондор да, 20 жылдан бери чогуу жашап келаткандар да бар.

- Мисалы, күйөөсү экөө 21 жыл жашаптыр, бирок нике күбөлүгү жок экен. Сотто кошуна, домком, квартал жетекчиси аркылуу тактап жатабыз. Андай иштер көп эле болот. Бул кыз-келиндердин мыйзам билбегени.

Кыргызстанда экинчи, үчүнчү аял алууга мыйзам жол бербейт. Бирок шарият уруксат берет деп, диний көз караштан улам төрт аял алгандар бар экени коомчулукта айтылып жүрөт. Укук коргоочулардын айтымында, мүлккө ээлик кыла албаган же укугу бузулган жагдайлар экинчи, үчүнчү аял болуп турмушка чыккандар арасында көп кездешет. Анткени ажырашып кеткен учурда деле экинчи жана үчүнчү аялына нике тууралуу күбөлүк алынбайт. Адвокат Ракия Рахматова кыз-келиндердин ушул жаатта сабатсыздыгын жоюп, үй-мүлкүн сатарда же катоодо алдын ала кеп-кеңеш алууга чакырат.

Жергиликтүү салтка ылайык көпчүлүк үй, жерге эркектер ээлик кылат жана бул жазылбаган эреже катары калыптанган. 1999-жылы кабыл алынган "Жер жөнүндө" кодексте жерге бүлө башчысы ээлик кылып, калгандарына үлүш ыйгарылат жана ал бөлүнүп сатылбайт деген берене болгон. Анын негизинде менчиктин бардык түрүнө эркек ээлик кылып, ал жок учурда гана укук аялга тийчү. Мындай өксүктү кыргыз бийлиги 2003-2004-жылдары жойгон жана азыр аялдардын жерге ээлик кылуусуна шек келтирген эч кандай жагдай жок дешет адистер.

Анткен менен айылда кыз балага деп бөлүнгөн үлүш жер кийин ал күйөөгө чыгып кеткенде энчисине берилген эмес. “Доор эли” коомдук фондунун жетекчиси Гүлжамал Султаналиеванын белгилешинче, маселе жергиликтүү менталитеттен улам эч көтөрүлбөйт.

- Кыргыздарда аялдардын мүлккө ээлиги боюнча сиңип калган стереотиптер, туура эмес көз караштар бар. Мисалы айылда үлүш жан башына бөлүнөт. Кичине кызга бөлүнгөн үлүштү кийин чоңойгондо же өзүнчө түтүн булатып турмушка чыкканда ага бөлүп берген эмес. Чоң маселе катары каралбаса дагы эртең кайсы бир кыз үлүшүн талап кылып барганда ага ата-эне, коомчулук кандай карайт деген суроо бар.

Аял-эркектин жер талашкан, бул багытта соттошкон учурлары шаарда көбүрөөк. Айыл жеринде мындай чыр-чатактарга аксакалдар соту кийлигишип, чечип бергенге аракет кылат.

Гүлжамал Султаналиева

Гүлжамал Султаналиева


- Айылда аялы кетип калыптыр балдары менен дешет. Бирок аял эмнени алып кетти, кантип кетти, мүлк, жер деген маселе көтөрүлбөйт. Гендер маселесин айтканда көп учурда аялдардын укугу көтөрүлүп келатат. Ал эми ушундай мүлк, жер дегенде ошол эле аксакалдар соту дагы калыстык менен мамиле жасабаган учурлар бар, - дейт Гулжамал Султаналиева.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башкы адиси Айдар Сукенбаевдин белгилешинче, 2012-жылга салыштырганда аялдардын менчикке укугу былтыркыга салыштырганда жакшырганы, 1,6 пайыз жогорулаганы аныкталды.

- Кыймылсыз мүлк сатып алууда, сатууда аялдардын укугу тебеленеби, жокпу деген изилдөө жүргүзүлдү. Бул жаатта кандайдыр бир деңгээлде дисбаланс сакталып келет. Кыймылсыз мүлктүн түрлөрүнө болгон укуктарды каттаганда кызыктуу жагдайларга туш болдук. Бишкекте үйлөр көбүнесе аялдарга катталган экен, республика боюнча алганда деле батирлер айымдарга катталыптыр. Ал эми калган турак үйлөр, жер тилкелердин басымдуу бөлүгү эркектердин атында экен.

Эксперттер аялдарга катталган батирлердин саны өскөн себебин алардын укуктарынын же мыйзамдын жакшырып кетишинен эмес дешет. Аялдар өздөрү да өлкө сыртында иштеп тапкан акчасын жер же батирге жумшап жатат. Экинчиден, мамкызматкерлер, чиновниктер мүлкүнүн жарымынан көбүн аялына жаздырат. Мамкаттоо кызматынын иликтөөсү жарандык никеде жашаган үй-бүлөлөр ажырашкан учурда көбүнесе үй аялына жана балдарына каларын көрсөткөн.

Айдар Сукенбаев

Айдар Сукенбаев


- Жарандык никедеги аялдардын укугу боюнча изилдөө жүргүздүк. Андай үй-бүлө ажырашкан учурда деле көбүнесе кыймылсыз мүлк аялдарга калат экен. Айыл чарба багытындагы жерлерге да алардын укугу тебеленет дегенди угуп келем. Биздин базадагы маалыматка таянсак айырмасы аз эле. Ээлик кылуучулардын 45 пайызы аялдар, 54ү эркектер, - дейт Айдар Сукенбаев.

Биз башында сөз кылган Анара Ибраимова бул материал обого даяр болор алдында экинчи соттун чечимин колуна алганын кабарлады. Ленин райондук соту үйдү баалап, 50/50 кылып бөлүү чечимин чыгарды. Бишкек райондук соту да бул чечимди күчүндө калтырды. Буга ал оңой-олтоң жеткен жок.

- Бүт документтин баарын чогултуп бердим. Экөөбуз чогуу жашаган убактан берки документтерди, бирге дарыланганыбыз тууралуу кагаздарды, чогуу жүргөн, келин болуп баргандагы сүрөттөрдү сотко көргөздүм. Андан сырткары кошуналарым, тааныгандар болуп 14 киши муну далилдеп берди.


Экинчи тараптын пикирин алуу мүмкүн болгон жок. Аял укугун коргоочулардын ынанымында, мыйзам болгону менен аны ишке ашыруучу нормативдик-укуктук база алсыз. Ошондон улам менчик жери бар аялдар саны расмий маалыматтардан да төмөн болушу мүмкүн. Укук коргоочулар аялдар өз укугун билбестиктен жабыркап жатканын айтат. Айыл жеринде ажырашкан учурда көп аялдар мүлкүн талашпайт. Ошондуктан айрым адистер нике келишимине өтүү маалы келгенин, маселени жарандык коом жалгыз чече албасын эскертет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG