Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Обама: Европага кошумча аскер жиберилет


Польша -- Барак Обама Польшанын президенти Бронислав Коморовский менен учурашууда. Варшава, 3-июнь, 2014.

Польша -- Барак Обама Польшанын президенти Бронислав Коморовский менен учурашууда. Варшава, 3-июнь, 2014.

Варшавада Польшанын президенти Бронислав Коморовский менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда АКШнын президенти бул максатка бир миллиард доллар бөлүүнү Конгресстен сурап жатканын бышыктап, буларды кошумчалады:

– Украинадагы кырдаалга байланыштуу биз Чыгыш Европада аскердик турумубузду бекемдедик. Биз Польшада кошумча аскерлердин ротациясын баштадык жана Ф-16 учагын алып келдик. Бул биздин күчтөрдү чогуу машыктырууга, НАТОнун асмандагы миссияларын колдоого жардам болот. Бул ошондой эле НАТОнун Борбордук жана Чыгыш Европадагы турумун күч алдырат.

Обама Варшавага Европага жасалчу төрт күндүк сапарынын башында келди. Кийин ал Бельгия менен Францияга бармакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG