Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Атамбаев түрк президенти Гүл менен жолугууда


Түрк президентинин расмий сайтында кабарланган маалыматка караганда, ушу тапта Анкарада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүл жолугушууда. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланууда. Андан соң Атамбаев түрк өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен кездешип, Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтыгы боюнча Улук Кеңештин жыйынына катышат. Бул кеңеш эки тараптуу мамилелердин стратегиясын аныктамакчы.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле 4-5-июнда Бодрум шаарында өтчү түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин IV саммитине да катышат. Ага Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын да президенттери катышмакчы. Өлкө башчылары анда ар тармактуу кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде туризм тармагындагы байланыштарды чыңдоо боюнча маселелерди талкуулашат. Жыйын соңунда тиешелүү декларацияга кол коюлат.

XS
SM
MD
LG