Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Казак бүтүрүүчүлөр экзаменде дуба окутат


Казакстандык мектеп бүтүрүүчүлөр бири-бирине калоо-тилек жазууда.
Казакстандык мектеп бүтүрүүчүлөр бири-бирине калоо-тилек жазууда.

Июнь айынын жаңырышы менен Казакстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү бирдиктүү улуттук тестирлөөдөн өтө баштады. Айрымдар өз күчүнө ишенсе, кээ бирлери дуба окутат.

Нурбол Сериков Казакстандын чыгышындагы Тарбагатай районунда айылдык мектептин бүтүрүүчүсү. Тестирлөөнү ойлогондо тынчы кеткен улан сынакты район борборуна барып тапшырат.

- Бул экзамен биздин жашообуздагы эң маанилүү окуя, ошондуктан аябай даярдандык. Классташтар, мугалимдер болуп баарыбыз тест тапшыруунун алдында мечитке барып куран окуп, дуба кылабыз. Биздин айылдык бүтүрүүчүлөр жыл сайын мечитке барат, - дейт Нурбол.

Мектептин дагы бир бүтүрүүчүсү Самат Косаев болсо экзамен алдында такай мечитке барат.

- Биздин суранычыбыз кабыл болот, жүрөктөн чыккан каалоолорубуз орундалат деп ишенем. Дуба биздин жолубузду ачат. Сынактан ийгиликтүү өтүп, физик кесибине окусам деген тилегим бар, - деп Самат ниетин билдирди.

Саматтын дагы бир теңтушу, Казакстандын түштүгүндөгү мектептин бүтүрүүчүсү Доскали да Жараткандын күчүнө ишенет. Жооптуу сынак алдында ал Түркстан шаарындагы ыйык күмбөзгө зыяратка барууну чечкен.

Узун Агаш айылында мектепти аяктап жаткан Камбар болсо тест алдында Жамбыл жана Сүйүнбай аталарынын бейитине барып куран окуп, анан дагы айылдагы бакшыга “жолун ачтырууну” көздөөдө.

Ошентип мектеп бүтүрүүчүлөрү "сынак алдында дуба окуткан жардам берет" деп ишенсе мындай шартта дагы кайсы дубалар жардам берерин билишпейт. Нурсауле аттуу окуучу кыз Казакстандагы диний интернет сайттардын бирине кат жазып, экзамен алдында кайсы дубаларды окуса болорун сураган. Сайттын өкүлү болсо өспүрүм кызга "Курандын бир нече сүрөөсүн оку" деп кеңеш берип, “эгер бүтүрүүчү экзаменге аябай жакшы даярданса, Кудай сөзсүз жардам берет” деп ишендирген.

Жооптуу экзамен алдында эмне ырым-жырымдан шыбаа болоору социалдык тармактарда да кызуу талкууланууда. Айрымдар "даярдык болбосо эч кандай күч жардам бербейт" дешсе, башкалары “эң негизгиси ниет гана” деген көз карашта.

Өткөн жылы мектепти аяктаган чымкенттик Алихан мындай “сыйкырлуу” ырым-жырым тестирлөөнүн ийгиликтүү өтүүшүнө эч таасир тийгизе албасын айтат:

- Өткөн жылы экзамен алдында “жолумду ачтырууга” бакшыга баргам. Бирок акыры 64 балл топтоп, грант ута албай калдым. Бакшыдан пайда болгон жок.

Алихан азыр Казак улуттук университетинин контракт бөлүмүнүн студенти.

Мындай ырым-жырымдарга дүйнөдө казакстандык студенттер эле маани бербейт экен. Маселен, Би-Би-Си британиялык студенттер экзаменге тумар, көз мончок, атургай жакшы баа үчүн атайын ич кийим кийип барышарын баяндаган.

Казакстандын улуттук тестирлөө борборунун маалыматы боюнча быйыл 92 миңдей бүтүрүүчү тесттен өтөт. Алардын 63 миңден ашыгы сынакты казак тилинде, 28 миңдейи орус тилинде тапшырат. Жогорку окуу жайына өтүү үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрү сөссүз тестирлөөдөн өтүшү керек. Коңшу Казакстанда бирдиктүү улуттук тестирлөө 2004-жылдан бери өткөрүлүп келет.

XS
SM
MD
LG