Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Бишкек–Грозный–Бишкек аба каттамы ачылды


Бишкек менен Грозныйдын учуу аралыгы 2320 чакырымды түзөт.
Бишкек менен Грозныйдын учуу аралыгы 2320 чакырымды түзөт.
Бүгүн алгачкы Бишкек–Грозный–Бишкек аба каттамы ишке ашат. Кыргызстандык "АвиаТраффик" ишканасы Кыргызстандын ордо шаарынын түндүк-батышындагы "Манас" эл аралык аба майданынан Орусиянын Чеченстан жумуриятынын борбору Грозный шаарына бүгүн саат 10:00до сапар тартат.

Каттам 4-июндан тарта аптасына бир жолу шаршемби күндөрү учат.

Буга чейин кыргыз жана чечен борбор шаарларын байланыштырган түз аба каттамыболгон эмес.

Бишкек менен Грозныйдын учуу аралыгы - 2320 чакырым.

Кыргызстанда чечен диаспорасынын чакан тобу байырлайт. Чечендердин бул тобу - 1944-жылы сталиндик жазалоочу буйрукка ылайык Чеченстандан Борбордук Азияга күч менен көчүрүлгөн чечен тегиндеги калайыктын Кыргызстанда калгандары жана алардын урпактары. (BAz)

XS
SM
MD
LG