Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

“Азия элдеринин күрөшүндө” кыргызстандыктар мыкты аталды


Москвада өткөн “Азия элдеринин күрөшү” аттуу эл аралык турнирде кыргызстандыктар сегиз беттештин жетөөндө жеңишке жетти. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз элчилигинен кабарлашты.

Күрөш “Мегаполис” аренасында кыргызстандыктардын “Айкөл” күрөш клубу тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Калмыкия, Башкортастан, Тува, Бурятия жана Монголиядан балбандар катышты.

Күрөшкө чыккандар тууралуу маалымат:

Жеңүүчү: Утулган спортчу:
Замирбек Кочкоров (Кыргызстан) – Мухиддин Абдуллаев (Өзбекстан);
Ырыс Орозбаева (Кыргызстан) – Мангитаева Асем (Казакстан);
Нурбек Сапаралиев (Кыргызстан) – Баатрасух Тугулдур (Монголия);
Адилет Мусаев (Кыргызстан) - Чингиз Бадыра (Тува);
Мамат Жамалдинов (Кыргызстан) – Фидан Ишмуратов (Башкортастан);
Тилек Рашидбек уулу (Кыргызстан) – Хлагвасурен Алтансуд (Тува);
Александр Новиков (Калмыкия) – Абдрашид уулу Нооруз (Кыргызстан);
Тынчтыкбек Иминжанов (Кыргызстан) – Чингиз Додиев (Бурятия). (SE)

XS
SM
MD
LG