Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Барак эксклавынын элин көчүрүү уланууда


Барак эксклавынын тургундары, 25-январь, 2013
Барак эксклавынын тургундары, 25-январь, 2013
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Кара-Суу районуна караган Барак эксклавынан 7 оор жүк ташуучу унаа менен курулуш материалдарын, жүздөн ашуун бодо жана майда малды Кыргызстандын негизги аймагына алып чыкканын аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өзбекстандын ичинде калып калган Кыргызстандын бул эксклавынын калкы чек ара жабыктыгынан район жана облус борборуна каттоодо бир топ кыйынчылыктарга тушугуп келет. Мындан улам элдин көбү айылын таштап, Ош шаары менен Кара-Суунун башка айылдарына көчүп келген. Район бийлиги каалоочулар үчүн Савай айыл аймагынан жер сунуштаган. Учурда айылда 34 гана түтүн калганын "Азаттыкка" жергиликтүү тургундардын бири билдирди. Мурда бул жерде 253 кожолук бар эле.

Өзбекстандын ичиндеги эксклавдын аймагы - 230 гектар. Ээнсиреп бараткан эксклавдын кийинки тагдыры азырынча белгисиз. (YI/SM)

XS
SM
MD
LG