Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Депутат жол буугандарга чара көрүүгө чакырды


Тосулган жол, 2-июнь, 2014
Тосулган жол, 2-июнь, 2014
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Коргоо кеңешин Ош - Эркеч-Там жолун ачууга чара көрүүгө чакырды. Анын айтымында, стратегиялык маанидеги жолду буу менен камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери мыйзамды бузуп жатат:

- Стратегиялык маанидеги жол буулуп, мыйзамдын талаптары одоно бузулуп жатканда баарыбыз унчукпай отурабыз. Бул маселе боюнча Коргоо кеңеши эмне кылып жатканын эмнеге укпай жатабыз? Эмнег ал жакка ички иштер министри барбайт. Мыйзам бардык жарандарга бирдей колдонулушу шарт. Депутатпы же катардагы жаранбы мыйзам бузса, ал жооп бериши керек, - деди Карамушкина.

Ошондой эле депутат Коргоо кеңешин бул маселени тезинен талкуулап, чечим кабыл алууга үндөдү.

Ал эми депутат Бөдөш Мамырова Ички иштер министрлиги Алайдагы нааразылык акциясына чыккандар тууралуу туура эмес маалымат таратып жатканын айтып чыкты. Мындан улам Мамырова бул маселе боюнча ИИМдин башчысынын маалыматын угууну сунуштады.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери бууп турат. Алар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG