Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Таласта зордукталган келин президенттен жардам сурады


Талас шаарынын 31 жаштагы тургуну Калия Арабекова өзүн зордуктоого шектелип жаткан Талас шаардык сотунун аткаруучуларын жоопко тартууга жардам берүүнү суранып өлкө жетекчилерине кайрылды. Бул тууралуу Арабекова өзү “Азаттыкка” билдирди.

Калия Арабекованын айтымында, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында аны зордукташкан. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордуктаган. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш иш козгогон. Бирок зордуктоого шектелген сот аткаруучулар бүгүнкү күнгө чейин кызматтан бошотулбай, эркиндикте жүрөт. Мындан улам Арабекова өлкө жетекчилигине кайрылып, аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранып жатат.

Ал эми Талас облустук сотунун төрагасы Молдозак Ибраимов бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын, кылмышка айыпталгандардын бири Алыбаев жумуштан бошотулганын кабарлады.(ZB/BkA)

XS
SM
MD
LG