Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программа бекитилди


Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн 2020-жылга чейинки улуттук программасы бекитилди. Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, программада кыргыз тилин өнүктүрүүнүн жол-жобосу камтылган. Бул программаны ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча атайын жумушчу топ түзүлмөкчү.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрбөй туруп, этностор арасындагы биримдикти камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирип, улуттук программа даярдоо тапшырмасын берген.(BkA)

XS
SM
MD
LG