Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Таласта сот кызматкерлери зордуктоого шектелүүдө


Талас
Талас

Талас шаарынын 31 жаштагы тургуну Калия Арабекова өзүн зордуктаган үч сот аткаруучуну жоопко тартууну суранып президентке кайрылды.

Анын айтымында, окуя Жаңы Жыл алдында болгон жана ушул күнгө чейин күнөөлүүлөр сот жообуна тартыла элек. Бирок айыпталгандар, тескерисинче, келиндин өзүн күнөөлөп жатат. Талас шаардык милициясы бул окуя боюнча кылмыш иш козголгонун айтууда.

“Ит көрбөгөн кордукту көрдүм”

Президентке жардам сурап кайрылган Калия Арабекованын айтымында, сот аткаруучулар анын ажырашып кеткен күйөөсүнөн алимент аларынан пайдаланган. Арабекова аны былтыр 30-декабрдын кечинде “өндүрүлгөн алимент акчаңды алып келдик” деген шылтоо менен үйүнөн алдап чакырып, башка үйгө алып барып түнү бою зордукташканын айтууда.

- Кылбагандары калган жок, ит да мындай кордукту көрбөйт болуш керек. Ургандары аз келгенсип, билгенинин баарын кылышты. Бардык жериме зордуктады. Туалетке камады, оозума сийишти, ургулады, тепкиледи. Үйдө тамагым кайнап, балдарым да жалгыз калган. Алар түнү менен ыйлашыптыр. Эртеси аларды ээрчитип алып прокуратурага бардым. Мени ошол замат экспертизадан өткөрүштү.

Калия Арабекованын айтышынча, 31-декабрь күнү прокуратурага жана милицияга арыз жазган, бирок соттук-медициналык экспертизада зордукталганы ырасталганына карабай алгачкы арыз-даттанууларга чара көрүлгөн эмес.

Талас шаардык милициясынын билдиришинче, бул окуя боюнча "зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Талас облустук сотунда жана сот департаментинде иштеген Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев атуу үч адам айыпталып, алар 20-майда кармалган. Шаардык милициянын башчысы Уран Шамбетов аларды сот үй камагына чыгарганын айтты.

- Ал келин үч сот аткаруучу жигит зордуктады деп кайрылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон, учурда тергөө жүрүп жатат. Үч бала шектүү катары милиция тарабынан эки күнгө камалган. Кийин алар Талас шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

Кең Таласта кысылган бир келин

Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы боюнча арызды караган Талас облустук соту да аларды үй камагында калтырган. Акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлү Арзыкан Момунтаева сот жана укук тартибин коргоо органдарындагы тааныш-билиштиктин айынан бул иш калыс каралбай жатат деп эсептейт:

- Бул ишти бир да адвокат, сот карабай, же тергөө жылбай туруп алды. Маселе ырбап жүрүп отуруп, нааразылык пайда болду. Тигилер ишти жабабыз деп ар кандай нерселерди сунуштады, ар кимди ортого салды. Менин оюмча, бул мыйзам чегинде чечилиш керек. Тиги келин томолой жетим, аны карай турган тууган-уругу, күйөөсү, ата-энеси жок. Чиедей болгон эки баласы бар.

Соттор тергөөнү күтөлү дейт

Арабекованын айтымында, кылмышка шектелген сот аткаруучулар күнү бүгүн да өз ордунда иштеп келе жатат жана алардын бири Алтынбек Алыбаев Талас облустук сотунун төрагасы Молдозак Ибраимовдун катчысы.

Ал эми Молдозак Ибраимов болсо Алыбаев жумуштан бошотулганын айтууда. Бирок окуя болгон кезде облустук сотто иштеп турган.:

- Азыр тергөө жүрүп жатат. Биз ага комментарий кыла албайбыз. Анан сиздин катчыңыз болот экен деп сураганыңыз да туура эмес. Ал эки-үч ай мурун, марттабы же апрелдеби жумуштан бошоп кеткен. Мен анын качан бул кылмышка барганын билбейт экемин. Азыр тергөө жүрүп жатат, ошондуктан комментарий бере албайм. Моралдык-этикалык жагына да баа бере албайм.

Ал эми Талас шаардык сотунун төрагасы Анарбек Конгантиев окуяга шектелип жаткан балдар, тескерисинче, келинди жалган жалаа жаап, акча талап кылууда деп айтып жатканын билдирди:

- Кыз мени зордуктады деп айтып жатат. Тиги үч бала болсо бизден акча талап кылуу үчүн жалган айтып жатат деп айтууда. Иш сотко келе элек. Ошондуктан аларды сот күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп аныктай элек.

Таластын мамлекеттик жана укук тартибин коргоо органдарынан адилеттик таппаганын айткан Калия Арабекова аталган окуя боюнча президентке кайрылды:

- Президент акыйкатты карап берсеңиз экен. Мендей бей-бечара адамдарга бооруңузду оорутсаңыз экен. Ушундай жырткычтарга жол бербесеңиз.

Арабекова учурда Бишкекте жүргөнүн, президентке кайрылгандан тышкары Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко да арыз жазарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG