Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Путин Обама менен диалогго даяр


Орус президенти бул тууралуу бүгүн француз журналисттерине берген интервьюсунда айтты. Путин билдиргендей, ал Обама менен диалогго даяр, бирок бул АКШ президентинин “тандоосу болот”.

Путин ошондой эле америкалык администрацияны "эки жүздүүлүгү" үчүн айыптап, алардын Украинага байланыштуу Орусияны изоляциялоо боюнча аракеттерин “агрессивдүү” деп атады. Орус президентинин ырастоосунда, Украинанын чыгышында орус аскерлери же орусиялык аскерий нускоочулар жок.

Путин да, Обама да ушул аптада Францияда, Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы союздук күчтөр Нормандияга түшүрүлгөн күндүн жетимиш жылдыгына арналган салтанаттарга катышат. Бирок эки президенттин көзмө-көз жолугушуусу мерчемделген эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG