Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Ош милициясы балдардын ынтымак кечесин өткөрөт


Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы калаадагы 5-8 жашар балдардын катышуусунда бүгүн ынтымак кечесин өткөрөт. Амир Темур кичирайонунда жана Жапалак айылында уюштурулуп жаткан иш-чара улуттар аралык биримдикти сактоо максатын көздөйт. Ал үчүн “Келечек” чыгармачылык үйүнүн окуучулары кыргыз, өзбек, орус, кытай жана тажик тилдеринде концерттик программа даярдашкан. Бул тууралуу шаар милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

2010-жылдагы кандуу калабадан кийин Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында жыл сайын ушундай иш-чараларды өткөрүп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG