Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Каракалпакстанда Аксынын үч тургуну камакта жатат


Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында өткөн жылдын декабрында камакка алынган Кыргызстандын үч жаранынын туугандары жардам сурап Ташкендеги кыргыз элчилигине кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” камалган жарандардын бири Асан Акматовдун жубайы Уулбү Акматова кабарлады.

Анын айтымында, жолдошу шериктери - ага-ини Салижан жана Талибжан Зиядовдор менен Орусиядан Нүкүс шаарына КаМАЗ унаасында жүк алып келип, артка кайтып бараткан учурда коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан камакка алынган. Андан бери жакындары менен байланышууга уруксат берилген эмес.

Кыргыз элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги алар сот чечиминен соң бошотуларын айткан. Туугандары жардам сурап, парламенттин “Ата-Мекен” фракциясына да кайрылганын билдиришти. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG