Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Жол тоскондор Келдибековдун өтүнүчүн кабыл алган жок


Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014.
Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014.
Алайдагы нааразылык акциясынын башында тургандардын бири Керим Сарбашев депутат Акматбек Келдибековдун кайрылуусун жол тосуп тургандарга окуп бергенин, бирок алар депутаттын жолду ачуу боюнча өтүнүчүн кабыл албай койгонун "Азаттыкка" билдирди. Ал нааразылыкка чыккандар талабы аткарылмайынча артка кайтпасын, бул жолу бийликтегилерге алданбасын айтканын кошумчалады. Учурда жол тосулган жерде 10 чакты боз үй тигилип, 300дөй киши жүрөт. Тосулган жолдун эки тарабына оор жүк ташуучу жүздөн ашуун машине топтолгон.

Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен 27-майдан бери Ош - Эркеч - Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан тосуп турат. Бул жол Кыргызстандын түштүгүн Кытай менен байланыштырган эл аралык маанидеги трасса. (SM)

XS
SM
MD
LG