Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Кыргызстанда абактан качып жүргөн 45 киши кармалды


Бишкектеги түрмөлөрдүн бири, 26-январь, 2012

Бишкектеги түрмөлөрдүн бири, 26-январь, 2012

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, май айында аталган кызмат Ички иштер министрлиги менен бирге атайын рейд жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында абактан качып жүргөн 45 адам кармалды. Алардын ичинде жатак абакка кеcилгендер да бар.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматы өлкө боюнча жатак абакка кеcилген 2000ге жакын адам качып жүргөнүн билдирген эле. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG