Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Сатыбалдиевге кылмыш иш козголгону тастыкталбады


Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.
Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.
Жергиликтүү айрым гезиттердин мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматын бүгүн Башкы прокуратурадан четке кагышты.

Аталган мекемеден "Азаттыкка" кабарлашкандай, кылмыш иш Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөргө байланыштуу буга чейин эле козголгон. Учурда тергөө уланып жатат.

Буга чейин дирекциянын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыктарына ылайык, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген дирекция бөлүнгөн каражатты үнөмсүз пайдаланып, керексиз кызматтарды ачканы, курулуш эрежелерине жооп бербеген көп кабаттуу үйлөрдү курганы белгилүү болгон. Комиссиянын корутундусу парламентте талкууланып, күч органдарына дирекциянын ишин кайрадан текшерип чыгууну тапшырылган. Дирекциянын иши парламентте каралгандан аз өтпөй “Ата Мекен” фракциясы комиссиянын чечимине таянып Сатыбалдиевге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп, көпчүлүк коалицияны тараткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG