Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кызын зордуктоого шектелген адам сотто өзүнө кол салды


3 жашар кызын зордуктады деп шектелген Үсөн Сакатаев бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда устара менен мойнун тилип салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган соттон кабарлашты. Сот бүгүн Сакатаевдин ишин карап жаткан. Соттук териштирүү аяктап калган кезде ал катып келген устарасын алып чыгып, мойнун тилип салган. Жараат алган шектүүнү дароо ооруканага алып кетишти.

Былтыр 25-апрелде Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда 29 жаштагы Үсөн Сакатаев аттуу жаран мас абалында өзүнүн 3 жаштагы кызын сабап, зордуктаган деген шек менен кармалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Бирок Сакатаевдин жакындары бул иш боюнча милиция туура эмес маалымат таратты деп айыптап, кызын зордуктабаганын айтып чыгышкан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG