Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Кэмерон Москваны Киев менен ымалага келүүгө чакырды


Путин жана Кэмерон. Франция, 5-июнь
Путин жана Кэмерон. Франция, 5-июнь
Орусия президенти Владимир Путин менен Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Франциядагы жолугушууну кол алышпай башташты. Эки лидер бейшембиде Украинадагы соңку кырдаалды талкуулоо үчүн жолукту.

Сүйлөшүүлөр Шарль де Голль аба майданындагы расмий кишилерге арналган павильондо болду. Кэмерон Путинден Украинанын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууну, жаңы президент менен ымалага келип, кризисти жоюуга кадам таштоону өтүндү. Орус президенти Украинада кырдаалдын турукташуусуна Москва да тилектеш экенин белгиледи.

Путиндин Европага жасаган сапарынын алкагында бир топ лидерлер менен жолугушуусу пландалган. Бүгүн ал Франция президенти Франсуа Олланд жана Германия канцлери Ангела Меркель менен да сүйлөшөт.

Украинадагы кырдаалдан улам Европа менен Орусиянын ортосундагы алака солгундап кеткен.

XS
SM
MD
LG