Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

Депутат өзбек элчисинен газ маселесин чечүүгө көмөктөшүүнү суранды


Бул маселени Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинен төрагасы Каныбек Иманалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Камил Рашидов менен жолугушуусунда көтөрдү. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, комитет төрагасы парламент эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өзбек элчисинен Ош шаарына газ берүү маселесин чечүүгө көмөктөшүүгө чакырган.

Жолугушууда мындан сырткары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн башка маселелери да талкууланды.

14-апрелде Өзбекстандын "Узтрансгаз” компаниясы келишим мөөнөтү аяктагына шылтап, Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Өкмөт бул маселе боюнча өзбек бийликтери сөзгө келбей жатканын айтып келишет. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG